Азамат Муканов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Артурбек Жуманазаров ээлеген кызматынан бошотулду.
Азамат Муканов буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгын жетектеп келген.