Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 4-августта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы күтүлсө, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.