Биз менен байланышыңыз

Ошто эми жүргүнчүлөр каттамдарды онлайн көрүп турушат

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 308 | 0

Ош шаарында коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

2-августта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.

Бул системанын негизги максаты — шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландай алат, анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пункттарын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кошумчалай кетсек, бул система коомдук транспорттун ишин уюштуруучу тиешелүү кызматтарга кичи автобустардын тейлөөсүнө жана сандык абалына күн сайын мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM