Биз менен байланышыңыз

Зулушев менен Төрөбаев Москва районунун эли менен жолугушууда

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 369 | 0

Бүгүн, 3-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун Москва районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга 400дөн ашык жергиликтүү тургундар келишкен. Алар жер тартыштыгы, жол, таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздиги, жөлөк пул, аз пайыздуу кредит берүү, билим берүү, айыл-чарба тармагындагы, мектеп интернатындагы көйгөйлөр, соттук териштирүүлөр боюнча айтышып, аларды чечип берүүлөрүн суранышты.

Эске салсак, бул жолугушуулар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM