Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүз районунда сел жүрдү

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 110 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраагы бүгүн, 3-августта саат 8:30дар чамасында Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында сел жүргөн.

Сел суулары ички чарбалык жолдорду каптаган.

Учурда тазалоо иштери жүргүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM