Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Татарстан менен Башкортостандан келген ишкерлердин катышуусунда форум өтөт

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 276 | 0

2-августта Кыргызстанга Татарстан менен Башкортостандан бизнес-форумга катышуу үчүн бизнес делегация келди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Делегацияны Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шамил Агеев жана Башкортостандан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектейт. Орусиядан келген бизнес өкүлдөрү кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү табууга жана байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Делегациянын курамында курулуш материалдарын жана өнөр жай жабдууларын, эмеректерди, трикотаж буюмдарын, жумушчу кийимдерди, азык-түлүк чийки затын, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөр, ошондой эле эл аралык транспорт жана онлайн билим берүү компаниялары бар.

Бүгүн, 3-августта Соода-өнөр жай палатасы орусиялык жана ата мекендик ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өткөрүп, катышуучулар кызматташуунун шарттарын жана жолдорун түз талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, Соода-өнөр жай палатасы чет элдик конокторду Кыргызстандын ишканаларына алып барып, алардын иши менен тааныштырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM