Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алтынбек Жумаев президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду.
Алтынбек Жумаев Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп 2021-жылдын 28-декабрында дайындалган эле.
Өткөн жылдын 12-ноябрында Алтынбек Жумаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Ага чейин 7-каналдын директору кызматын аркалаган.
Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгына ылайык, Алтынбек Жумаев Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.