Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Орусияда кароосуз калган алты бала Кыргызстанга жөнөтүлдү

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 236 | 0

Ушул жылдын июль айында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кароосуз калган 6 жашы жете элек баланы Кыргызстанга кайтарды. Ошондой эле айлыгын ала албай кайрылгандардын 907 миң 725 рубль өлчөмүндө эмгек акысы өндүрүлгөн. Элчиликтин «ишеним телефондору» аркылуу кайрылган 4755 адамга консультация берилип, 1881 жаран чат — боттор аркылуу маалымат алышкан. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчилик канцелярия менен биргеликте 11 миң 138 консулдук иш-аракеттерди жүргүзүп, 8 миң 294 консулдук кызматтарды көрсөткөн.

Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандыктардын укуктарын коргоого, ошондой эле жарандарды консулдук кызматтар менен камсыздоого багытталган ишин улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM