Биз менен байланышыңыз

Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөрүүдөн 70 млн сом чогулган

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 684 | 0

Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөрүп келген топ аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында бир нече жылдан бери мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген топ аныкталган. Лотерея билетинин баасы 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин болгон. Лотереянын биринчи турунда 2800 билет сатылган.

Оюнга автоунаалар, кыймылсыз мүлктөр ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы акчанын суммасы 70 млн сомго жакын болгон.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамына ылайык, лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш. Аталган мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон. Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM