Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 2-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…35 градус болот.