Бишкек шаарынын аймагында 22-июлдан 28-июлга чейинки аралыкта 4 миң 223 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- мас абалында унаа башкаруу — 43;
- терезесин караңгылатып айдоо — 4;
- тиешелүү документи жок рулга отуруу — 31;
- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар — 667;
- коопсуздук куру жок унаа башкаруу — 813;
- башка эреже бузуулар — 2 миң 216.
Ар кандай эреже бузган 448 автоунаа айып короосуна киргизилген.