Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Улукттук банктын расмий сайтына жарыяланды.
Алмашуу бюролорунун лицензиялары мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузганы үчүн алынган
Алар:
- Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү 119-үйдө жайгашкан «Брент моней» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-июлундагы № 5999 лицензиясы,
- Ошол эле көчөдөгү 144-үй дареги боюнча жайгашкан «Усман Финанс» акча алмашуу бюросунун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 6194 лицензиясы.