Биз менен байланышыңыз

Унаада кызды ур-токмокко алган бала мурда үч жолу соттолгону аныкталды

Кыска кабар | 29 Июл 2022 | 781 | 0

Социалдык тармактарда эки белгисиз адам машинеде жаш кызды коркутуп, 10 миң сомду эмнеге жумшаганын суракка алган видео тараган.

Бул факты Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан катталып, Баткен жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чаралары башталганы кабарланды.

Маалыматка караганда, видео Ноокат районунун аймагында тартылган. Анда кызга суроо берген адам буга чейин үч жолу соттолгону аныкталды. Буга байланыштуу иштин материалдары Ноокат РИИБне өткөрүлүп берилди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 2020-жылдын жаз айларында Ноокаттын Мимахмуддов айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 31 жаштагы Б.Э., аттуу жаран «Ноокат жаштары» кайрымдуулук фондунда иштеп жүргөндө 15 жаштагы кыз менен таанышып калат, ал азыр 17 жашта. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, ал да аталган фонддо иштеген.

Видеодогу эки жаран өспүрүм кыз фондго тиешелүү 10 миң сомду уурдаган деп аны издеп жүрүшкөн жана Ош шаарынан табышат. Алар үчөө Ноокатка баратышканда унаа бузулуп калып, жигит кыздан 10 миң сомду кайда жумшаганын сурап, видеого тартат. Аны фонддогу кесиптештерине өткөрүп берген.

26-июлда бул видео социалдык тармакка тараган.

Милициянын маалыматына караганда, видео тарткан Б.Э деген жаран дагы бир кылмыш жасагандыгы аныкталган. 2022-жылдын 27-июль күнү саат 23:20 чамасында Ноокат шаарынын борборунда 26 жаштагы Т.уулу Р. менен урушуп, ичине бычак сайып, изин жашырып кеткен.

Бул факты каттоого алынган. Кийинки күнү шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал ошондой эле Ноокаттагы дүкөндөрдү тоноого да шектелүүдө. Кылмыш 2022-жылдын 1-июлунда Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылында болгон.

Copyright © 2017 Maral FM