Мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлер жана ар бир жаран сынамык түрдө тесттен өтө алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси болуу үчүн босого балл 60тан өтүшү керек.
Сынамык тесттен ушул шилтеме аркылуу өтүүгө болот.
Президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылына карата 5 жылдан ашык иштеген 966 мектептин директору алмашышы керек. Кыргызстанда жалпы 2333 мектеп бар.