Москва-Ош-Москва багыты боюнча жаңы чартердик аба каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Жаңы чартердик каттамды орусиялык «Ямал» авиакомпаниясы аткарат. Ал жумасына бир жолу — жекшемби күндөрү учат.
Учуу убактысы — 5 саатты түзөт.