Бишкекте транспорт каражаттарын каттоо боюнча экинчи калкты тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда жарандар өлкөнүн кайсы аймагына катталганына карабастан унааларды эсепке алуу жана автоматташтырылган каттоо процесстерин пайдалана алат.

Борбордун жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кондиционер тутуму орнотулган, электрондук кезек күтүү, маалымдоо стенди жана күтүү бөлмөсү каралган.

Банктардын кассалары иштейт, ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн терминалдар орнотулган. Паркинг аянты 200 унаага ылайыкталган. Сынак залы видеобайкоо камерасы менен жабдылган жана автодрому бар.

Автоунааларды каттоо үчүн 10 кабинка, айдоочулук күбөлүктү тариздөө үчүн үч кабинка иштейт. Кошумча даяр документтерди жана мамлекеттик номер белгилерин берүү үчүн өзүнчө кабинка жайгаштырылган.

Унааны каттоо борбору Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан.