Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: «Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды

Кыска кабар | 28 Июл 2022 | 538 | 0

Коррупция фактысы боюнча Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын алдындагы Кыргыз курорт туризм башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз курорт туризм башкармалыгынын башчысынын орун басары «А.М.Д.» 2012-жылдан 2021-жылга чейин Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жатканда мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып жүргөнү аныкталды.

Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында ал Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад санаторийи кесиптик кошуундар уюмуна карайт, аны Максат Абышкаев жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM