Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушун 2022-жылдын ноябрына чейин бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев 27-июлдагы маалымат жыйынында билдирди.
Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо иши 2017-жылдын апрель айында башталып, 2020-жылдын апрель айына бүтүрүү пландалган. Бирок долбоордун сметасында каралбаган иштер, ошондой эле жол жээгинде жашаган жай тургундардын нараазычылыгы курулушту создуктурган.
Президент Садыр Жапаров быйыл февралда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышкан. Ал жолду оңдоону быйыл бүтүрүүнү тапшырган.