1-августтан тарта «Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу «Манас» аба майданынан кабарлашты.
Аба майдандарынын аэродромдору оңдоо иштери ноябрда бүткөрүлөт. Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун төшөлмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Маалыматка караганда, «Баткен», «Жалал-Абад» аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери буга чейин жүргүзүлгөн эмес.