Ички иштер министрлигинин атайын техникалары күндүн ысык аптабында бак-дарактарга жана көчөлөргө суу чачууда.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
«ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын техникалары күндүн ысык аптабында борбор калаанын бак-дарактарына жана көчөлөрүнө суу чачып, Бишкек шаарынын жашоочуларына жана конокторуна жагымдуу маанай тартуулоодо. Милиция кызматкерлери тарабынан колго алынган бул ишти жарандар жылуу кабыл алууда» , — деп айтылат маалыматта.
Кыргызгидромет борбору 26-28-июль күндөрү өлкөдө кургак жана ченемден ысык аба ырайы болорун эскерткен. Акыркы күндөрү күндүн табы 40 градустан ашып жатат.