Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев «Кара-Балта спирт заводуна» барды

Кыска кабар | 27 Июл 2022 | 328 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына барды. Ал «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта этил спиртин өндүрүүгө жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилерин эске салды.

Анын айтымында, бул чечим этил спиртинин аткезчилигине жана контрафакттык продукцияны колдонууга бөгөт коюуга, бюджетке салык төлөмдөрүнүн толук түшүүсүн камсыздоого багытталган.

«Кара-Балта спирт заводу – өнөр жай өндүрүшүнүн флагмандарынын бири, анын толук кандуу иштеши үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Заводдо чыгарылып жаткан продукциянын сапаты жарнамага муктаж эмес. Бул жерде өндүрүлгөн спирт башка заводдордо өндүрүлгөндөрдөн бир топ жогору саналат. Кара-Балта спирт заводунда этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өндүрүлгөн жана өлкөгө алынып келинген этил спиртин сатууга берилген өзгөчө укукту ишке ашыруу үчүн бардык өбөлгөлөр бар деп эсептейм», — деди Төрөбаев.

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасын түзүү чечими 2000-жылдын 21-февралында кабыл алынган. Анын негизги ишмердүүлүгү этил спиртин өндүрүү болуп саналат.

Сентябрдан тарта спиртке мамлекеттик монополия киргизилет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM