Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 27 Июл 2022 | 882 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, аймактык кызматташуу тууралуу да сөз болгон. Ошондой эле ынак коңшулук мамилени, боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууга макулдашышкан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышкан. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM