Биз менен байланышыңыз

Мектеп директорлорун алмаштырууга каршы болгондор министрликтин имаратына чогулду

Кыска кабар | 27 Июл 2022 | 1997 | 0

Бүгүн, 27-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин имаратына бир топ жаран чогулушту. Алар жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобого каршы болушууда.

Топтолгондор мектеп директорлорун кызматтан алуу, андан кийин сынак аркылуу тандоо коррупцияга жол ачат деп эсептешет жана бул механизмди кылдаттык менен кайра карап чыгууну талап кылышты. Арасында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери бар.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана башкалар ата-энелердин суроолоруна жооп берип, директорлорду тандоо жол-жобосу тууралуу кенен маалымат беришти.

«Өлкөдөгү оор шарттарга карабай ийгиликтүү иштеп келген мектеп директорлору — министрлик уюштура турган конкурстан оңой эле өтөт. Биз силерге кепилдик беребиз. Ар бир аймакта бардык кесипкөй директорлор бул конкурстан өтөт, бул тест кесипкөй жетекчилер үчүн. Бул механизм акча үчүн, же туугандык байланыштары болгон үчүн гана директор болгусу келгендерге ылайык келбейт. Ошол себептен мектептин директорлугуна кесипкөй жетекчилердин келишин кааласаңар бул аракетти колдоо керек» , — деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Ата-энелер менен министрликтин өкүлдөрүнүн ортосунда талаш-тартыш болуп, директорлорду конкурс менен алуу боюнча буйрукту жокко чыгаруу талабы да коюлду.

Бүгүн ушундай нааразылык менен Бишкектеги №61 мектептин окуучуларынын ата-энелери Максим Горький сейил багына митингге чыгышты.

Буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Кечээ өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды.

 

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурс жарыяланганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирген. Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары катыша алат.

— жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар;

— атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (майыптыгы бар балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

— аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

— соттолбогондор;

— билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;

Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап, 10 иш күнү аралыгында төмөндөгү документтерди тапшыруусу керек:

— белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);

— паспортун;

— жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) (тиркемеси менен);

— эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);

— соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалым катын;

— психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым катын.

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет. Талапкерден жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM