Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы 20 миң кыргызстандыкка миграциялык мунапыс жарыяланат

Кыска кабар | 27 Июл 2022 | 877 | 0

Жакында 20 миң кыргызстандыкка миграциялык мунапыс жарыяланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июнда өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстандын 47 миң жаранына карата «миграциялык мунапыс» жөнүндө чечим кабыл алынды. Жакында 20 миң кыргызстандык «кара тизмеден» чыгарылат.

Министр билдиргендей, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы, анын ичинде мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги келишимдердин жыйынтыгы боюнча ушундай чечим кабыл алынды.

Ал мындан тышкары, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиа каттамдар толук калыбына келтирилгенин билдирди, ал жумасына 126 рейс.

Copyright © 2017 Maral FM