Биз менен байланышыңыз

«Азия балдары» эл аралык оюндарына Кыргызстандан 48 спортчу катышат

Кыска кабар , Спорт | 26 Июл 2022 | 663 | 0

27-июлдан 8-августка чейин Орусиянын Владивосток шаарында «Азия балдары» Vll спорттук оюндары өтөт. Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 70 кишиден турган курама команда катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев бүгүн, 26-июлда команданы узатып, Кыргызстандын желегин тапшырды.

48 спортчу спорттун 9 түрүнөн (самбо, көркөм гимнастика, баскетбол 3*3, кум үстүндө ойноло турчу волейбол, кичи-футбол, жаа атуу спорту, ок атуу спорту жана тхэквондо) күч сынашмакчы.

«Азия балдары» эл аралык спорттук оюндары 1996-жылдан бери төрт жылда бир өтүп келет. Ага 16 жашка чейинки жаш курактагы спорчулар гана катыша алат.  2021-жылы мелдеш жылдырылып, быйыл 12 мамлекеттен 1355 спортчу катышаары маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM