Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев көлдөгү эс алуусу тууралуу сындарга жооп берди (видео)

Кыска кабар | 26 Июл 2022 | 1876 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү эс алуусу тууралуу айтылган пикирлерге жооп берди. Бир күн мурун депутаттын Ысык-Көлдө «Коста брава» пансионатынын жээгиндеги мончодон чыгып бараткан видеосу талкууга алынган.

Балбак Түлөбаевдин айтымында, фракциянын депутаттары консультация өткөрүү үчүн «Коста брава» пансионатына барышкан, ошол жерден бардык эс алуучулар менен чогуу көлгө түшүшкөн.

Балбак Түлөбаев көлдү булгабагандыгын, сууга түшөр алдында мончого түшкөнүн айтып, анын дене түзүлүшүнө сын такпоого чакырды.

«Эл менен чогуу көлгө түштүк, чет өлкөдө эмес, өзүмдүн жеримде эс алып жатам. Көп кишилер менен сүрөткө түштүк. Жакында Жалал-Абадда болдук. Мени эмне деп гана талкуулашкан жок. Кичинекей эле жер сауна экен. Жылытып коюптур, ичине кирип анан көлгө түшөт. Биз көлдүктөр көлдү булгабайбыз» , — деди депутат.

Социалдык тармактын колдонуучулары көл жээгинде мончо, сауналарга тыюу салынганын айтышууда.

1 пикир

1 пикир

  1. А.ад.

    27.07.2022 08:16

    Балбак биз адамбыз конул болбо жащоо ушундай Адам турдуу жашап отот жэгендер тойбостун колбасасын жэй берет конул болбой жыргап жашай бер депутат эмес карапайм калк ичинде да ушул сурот

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM