Биз менен байланышыңыз

Жарым жылда Кыргызстанга 3,8 млн турист келди

Кыска кабар | 25 Июл 2022 | 602 | 0

Жыл башынан бери Кыргызстанга 3 млн 823 миң 706 турист келди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 25-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2021-жылдын ушул аралыгында туристтердин саны 1 млн 852 миң 412ни түзгөн.

Туризм тармагынан 4 млрд 332,4 млн сом түшүп, ал ИДПнын 2,9 пайызын түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 пайызга көп.

Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдөн — 49,5 млн сом түшкөн, былтыркыга салыштырмалуу 82% га көп.

Туризмге салынган инвестиция — 584,8 млн сом болду, былтыркыга салыштырмалуу 10% көп.

Туристтерди ташуудан түшкөн акча — 1 млрд 932 сом, соода-сатык — 3 млрд 901,3 млн сом, тамак-аш — 1 млрд 717 млн сом, туристтк агенттиктер — 291,6 млн сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM