Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Беш-Күңгөйдө төрт дача өрттөнүп кетти

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 783 | 0

Бүгүн, 21-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан 116, 117, 118, 119-дачаларынан өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө эки куткаруу бөлүмү тартылган. Такталган маалыматка ылайык, бул айылдагы 4 турак үй толук өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп да күйгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөгөндө жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө, андан үйлөргө өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM