Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери өз баасын ала элек

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 347 | 0

Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери дагы деле өз баасын ала элек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 21-июлда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин жыйынында айтты.

Анын пикиринде, суунун көлөмү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бир топ кыскарган. Суу ресурстарын башкаруунун азыркы механизмдери учурдун реалдуулуктарына жооп бербейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандырбайт.

Буга байланыштуу Жапаров сууну пайдалануунун пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.

«Суунун жогору жагындагы өлкөлөр суунун болушуна карабастан, аз болгон мезгилинде да бир нече жылдар бою сугат үчүн суу ресурстарын вегетация мезгилинде топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат.

Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыя суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз. Анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралган» , — деди Жапаров.

Кыргызстан ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика жаатында өзүн-өзү камсыздоосун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактайт.

«Биз Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго инвестициялык катышуусун кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын жазында болгон авария аялуулукту көрсөткөн, ошондуктан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл» , — деди өлкө башчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM