Биз менен байланышыңыз

Сындаганды токтоткула. Улан Ниязбековдун отчету

Коом , Саясат | 18 Июл 2022 | 3032 | 0

Бүгүн, 18-июлдан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган иштери тууралуу отчёт бере баштады.

Жолугушуу бейформал тартипте өтүп, алгач тиешелүү министрлер отчёт берип, андан соң медиа өкүлдөрү, жарандык активисттер менен суроо-жооп болду.

Алгачкы отчетту Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев беришти.

ИИМдин отчетунун урунттуу учурлары

Ички иштер министри Улан Ниязбеков аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зомбулук, кылмыштуулуктун деңгээли, милицияга айтылган сын-пикир, «Ихсан» турак жай кооперативинин айланасында козголгон кылмыш иши, жол-транспорт кырсыктары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу сыяктуу суроолорго жооп берди.

Кылмыштуулук азайды…

Кыргызстанда быйыл алты айда кылмыштуулук 47 пайызга кыскарганын ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйынында айтты.

Министрдин маалыматы боюнча, өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 43 миң 159 кылмыш катталса, быйыл 22 миң 634 учур болду.

Кылмыштардын саны 20 миң 525ке, коомдук жайларда жасалган кылмыштардын саны 16 пайызга азайган.

Зордук-зомбулук жана өзгөчө оор кылмыштар 30 пайызга, адам өлтүрүү 6 пайызга, зордуктоо 45 пайызга, опузалоо 63 пайызга, алдамчылык 25 пайызга, унаа уурдоо 26 пайызга, уурулук 26 пайызга азайган.

Кылмыштуулуктун басымдуу бөлүгү 29 жаштан 49 жашка чейинкилер арасында катталат.

Мындан тышкары, экстремизм чөйрөсүндө 204 кылмыштын бети ачылып, 1678 материал катталып, 40ка жакын экстремисттик сайттар жабылды.

Жыл башынан бери ИИМ 10 миңге жакын кылмыш ишин сотко өткөрүп берген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга көп.

13 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу милиция жетекчилери жазаланды

Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, өспүрүмдү зордуктоого байланыштуу милиция кызматкерлеринин жетекчилери жазаланды. Тагыраагы, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жеке курамы боюнча жетекчинин орун басары жана коомдук коопсуздук боюнча орун басарына сөгүш берилди.

«Укук коргоо органдарынын мындай жаман ишке барышы уят. Бул жерде отурган баарыбыздын эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Иш сотко өткөрүлдү. Чечимди сот чыгарат. Райондук ички иштер бөлүмүнүн эки орун басарына катуу сөгүш жарыяладык», — деди министр.

Улан Ниязбековдун маалыматы боюнча, Кыргызстандын жер-жерлеринде 2 миң 435 участкалык милиционер аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш алып барууда.

Милиция кызматкерлери тобокелдик топко кирген адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиционер — Ленин РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкери жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, мындан тышкары, «Дордой» базарында күзөтчү болуп иштеген жаран кармалган.

Унаалардын терезесин караңгылатуудан канча акча түшкөнү айтылды

Унаалардын алдыңкы каптал терезелерин караңгылатууга уруксат берилгенден кийин мамлекеттик бюджетке 54 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу 18-июлдагы маалымат жыйында Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков билдирди.

Президент Садыр Жапаров апрель айында «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, айдоочулар мындан ары акы төлөп, унаалардын алдыңкы эшигинин каптал айнегин караңгылата алышат.

Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси уруксатты тариздөө боюнча ыйгарым укуктуу орган.

Транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:

– резидент-жеке адамдар үчүн 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом);

– юридикалык жактар үчүн 1000 эсептелген көрсөткүч (100 миң сом);

– резидент эместер үчүн 1200 эсептешүү көрсөткүчү (120 миң сом).

Төлөм накталай акча каражаттарын салуу же республикалык бюджетке которуу жолу менен жүргүзүлөт.

Августта милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Ички иштер министри Улан Ниязбеков журналисттер менен болгон жолугушууда 1-августтан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн билдирди.

Бирок ал кызматкерлердин айлыгы канча эсеге жогорулай турганын тактаган жок.

Айдоочулук күбөлүк үчүн сынак тапшыргандардын 78% өтпөй калган

2022-жылы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамен тапшыргандардын 77,7 пайызы өтпөй калган. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун айтымында, “Унаа” мамлекеттик мекемесинде жыл башынан бери айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 310 миң 502 жаран экзамен тапшырган.

“Алардын ичинен 241 миң 186сы, башкача айтканда, 77,7 пайызы экзаменден өтпөй калган. 22,3 пайызы гана өзүнүн билимин тастыктап, айдоочулук күбөлүк алган. Талдоо көрсөткөндөй, жол кырсыктарынын эң көп себептери жол эрежесин сактабоо жана бузуудан болот. Айдоочулук күбөлүктү берүү үчүн жоопкерчиликти күчөттүк”, — дейт министр.

Жарым жылда милиция кызматкерлерине 39 кылмыш иши козголгон

Быйыл алты айда милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу боюнча 17 факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин ички иликтөө кызматынын жетекчиси Жолболду Көчкөнов маалымат жыйында билдирди.

Алты айда 59 милиция кызматкерине 39 кылмыш иши козголду. Анын ичинде кызматтан бошотулган, камакка жана кызматтан алынган кызматкерлер бар. 39 фактынын 17си пара талап кылуу боюнча козголгон. Анын көбү Бишкек менен Чүйдө катталган.

Быйыл кылмыштардын бети көбүрөөк ачылды

Улан Ниязбеков билдиргендей, жолдорго коюлган видеокамералардын жардамы менен 2141 кылмыштын бети ачылды. Уурулук, турак жайды тоноо, мал уурулук, бейбаштык, уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу үчүн өлкө аймагына 2 миң 141 видеокамера орнотулган.

«Видеокамералардын жардамы менен 1 428 кылмышты болтурбай убагында токтотуп калдык. Ал эми изи сууй электе 2 миң 141 кылмыштын бетин ачууга жетиштик», — деди Ниязбеков.

ИИМ башчысы бийликти сындаганды токтотууга чакырды

Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков суроолорго жооп берип жатып, бийликти сындаганды токтотуп, аларга жардам берүүгө чакырды.

Ал өлкөдө болгон үч революцияга милиция кызматкерлеринин күнөөсү жок экенин, бийликти күч менен алмаштырууга “Ала-Тоо” аянтында митинг уюштургандардын күнөөсү бар экенин айтты.

«Өлкөнү өнүктүрүү үчүн кыйкырбай, тынч иштейли. Ошондо бийлик алмашпайт. Бул катуу угулушу мүмкүн, бирок сындаганды, көрө албастыкты токтоткула деп айтат элем. Мен сизден бир дагы сунушту көргөн жокмун», — деди Улан Ниязбеков жарандык активист Атай Бейшенбекке кайрылып.

Атай Бейшенбек маалымат жыйынында үч ыңкылаптан кийин да Ички иштер министрлигинин иш ыкмалары өзгөрбөгөнүн билдирди. Ал министрден милиция кызматкерлеринин ишине талдоо жүргүзүлгөнбү, элдин нааразычылыгын алдын алуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.

Кооперативдерге алданган жарандар акчасын кантип кайтарып алат?

Маалымат жыйында кооперативдерден жабыркаган жарандар тууралуу да маселе көтөрүлдү. Министр Улан Ниязбеков «Ихсан» турак жай кооперативине байланыштуу башка да шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатканын билдирди.

Кармалган шектүүлөрдүн жана кооперативдердин бардык эсептери, мүлкү камакка алынган. Соттун чечими менен жабырлануучуларга келтирилген зыян ушул каражаттын эсебинен өндүрүлөт.

«Сот аныктама чыгарып берет, биз кылмыш ишинин алкагында ошонун баарын териштирип беребиз, кайсы жерде канча үй-мүлкү, эсептеринде канча акчасы бар экенин. Азыр ошол каржы пирамидасынын ичинде жүргөн шылуундарды издөө боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат» , — деди министр.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 18-июлдан тарта мамлекеттик органдын жетекчилери элге, медиа тармакка ай сайын отчёт берип турууга милдеттендирген.

Copyright © 2017 Maral FM