Биз менен байланышыңыз

Суучул Денис Петрашов Израилдеги мелдеште алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 18 Июл 2022 | 1013 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Израилдин Тель-Авив шаарында өтүп жаткан Маккаби оюндарында алтын утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 12-июлда башталган, 26-июлга чейин өтөт. Анда Денис Петрашов 200 метр аралыкка сууда сүзүүнүн брасс түрүнөн күчүн сынап, алтын медаль утуп алды.

Эл аралык иш-чарага спорттун 42 түрүнөн 60 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышууда.

Маккаби оюндары – төрт жылда бир өткөрүлө турган Олимпиада оюндарына окшош эл аралык спорттук мелдеш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM