Биз менен байланышыңыз

13 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу милиция жетекчилери жазаланды

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 514 | 0

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, өспүрүмдү зордуктоого байланыштуу милиция кызматкерлеринин жетекчилери жазаланды. Тагыраагы, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жеке курамы боюнча жетекчинин орун басары жана коомдук коопсуздук боюнча орун басарына сөгүш берилди.

«Укук коргоо органдарынын мындай жаман ишке барышы уят. Бул жерде отурган баарыбыздын эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Иш сотко өткөрүлдү. Чечимди сот чыгарат. Райондук ички иштер бөлүмүнүн эки орун басарына катуу сөгүш жарыяладык», — деди министр.

Улан Ниязбековдун маалыматы боюнча, Кыргызстандын жер-жерлеринде 2 миң 435 участкалык милиционер аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш алып барууда.

Милиция кызматкерлери тобокелдик топко кирген адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиционер — Ленин РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкери жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, мындан тышкары, «Дордой» базарында күзөтчү болуп иштеген жаран кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM