Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Аламүдүн районунда 200дөн ашык бука жана чөп күйүп кетти

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 2546 | 0

Аламүдүн районунун Пригородное айылында сарайдан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзөт.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жетектеген ыкчам топ, жети куткаруу бөлүмү тартылган.

Мындан сырткары ИИМдин аймактык тескөөчүсү, Бишкект «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, «Газ чарба» кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

Алардын жардамында өрт түнкү саат 02:00 чамасында чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталып жатат. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк чөп күйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM