Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: №26 абактын жетекчи орун басары МАИнин унаасын сүзүп кетти (видео)

Кыска кабар | 17 Июл 2022 | 185 | 0

Бүгүн, 17-июлда Ысык-Көл облусунда болгон кырсыктын чоо-жайы айтылды.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын берген маалыматына караганда, кырсык таңкы саат 7:00 чамасында болгон.

«Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолунда келаткан «Киа Рио» унаасынын айдоочусу Кара-Ой айылындагы партрулдук милициянын имаратынын алдында турган кызматтык «Равон Нексия» унаасын сүзгөн.

Түнкү нөөмөттөн жаңы кайтып келип, унаадан түшкөнү жатышкан 3 жол тескөөчү жеңил жаракат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына кайрылышкан.

«Киа Рио» унаасынын айдоочусу Молдовановка айылындагы №26 түзөтүү мекемесинин башчысынын орун басары, подполковник Максатбек Тукешов экени, ошол маалда катуу мас болгону кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM