Биз менен байланышыңыз

Ошто «Биринчи турак жай» кооперативинин төрагасы камакка алынды

Кыска кабар | 17 Июл 2022 | 401 | 0

Ош шаарында «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, аталган кооперативге чара көрүү өтүнүчү менен өлкө аймактарынан бир нече адам кайрылган. Буга байланыштуу кылмыш иши ачылып, текшерүү башталган.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, кооператив элди 18 млн 188 миң 260 сом зыянга учураткан.

Бул иштин негизинде «Биринчи» турак жай кооперативинин жетекчиси Бердияр Исматиллаев кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Учурда кооператив жетекчилиги алдамчылык, ишенип берилген мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу жана коротуу боюнча сурак берип жатышат.

Ош шаардык милициясы кооперативге алданып калгандарды Эргеш Алиев көчөсү, 128 дарегине же (03222) 7-14-39, (0772) 33-33-13, 102 номерлерине кайрылып коюуга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM