Биз менен байланышыңыз

Орусиянын 70 мугалими Кыргызстандын мектептеринде сабак берет

Кыска кабар | 17 Июл 2022 | 569 | 0

Ушул жылдын 1-сентябрында Орусиядан дагы 50 мугалим Бишкек жана Ош шаарларына жөнөтүлөт. Бул тууралуу Орусиянын Агартуу министрлиги сайтына жарыялады.

Айта кетсек, «Орусиянын чет өлкөдөгү мугалими» долбоору Кыргызстанда 2019-жылдан тарта ишин баштаган. Анын негизинде 2021-2022-окуу жылында Орусиядан 30 мугалим келип, Ош шаарындагы 20 мектепке сабак берген.

2022-2023-окуу жылында Бишкек шаары да долбоорго камтылып, анын негизинде 14 мектеп кошулган. Тактап айтканда, Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептерде Орусиянын 70 мугалими орус тили жана адабияты, математика, физика жана башка предметтерден, ошондой эле башталгыч класстарга сабак беришет.

Орусиядан келген мугалимдер кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашып, өз өлкөсүндө колдонулган заманбап ыкмаларды көрсөтүп беришери, атайын усулдук колдонмолорду иштеп чыгууга көмөктөшөрү, аны менен катар класстан тышкары иш-чараларды уюштуруп, окуучуларды олимпиадаларга, ЖРТга даярдашары айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM