Биз менен байланышыңыз

Бишкек: «Аламүдүн» базарындагы аялды бычактоого шектелип, күйөөсү кармалды

Кыска кабар | 17 Июл 2022 | 274 | 0

Бишкек шаарынын «Аламүдүн» базарында болгон кандуу окуяга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратты.

Айта кетсек, кечээ, 16-июлда «Аламүдүн» базарында соода кылган 38 жаштагы аял «Тез жардам» кызматы аркылуу оор абалда Улуттук хирургия борборуна жеткирилген. Аялды ким бирөө бычактап кеткени айтылган.

Милициянын кайгуул кызматы жерине барып, күбөлөрдөн, жабырлануучунун туугандарынан маалымат алган. Алар берген көрсөтмөнүн негизинде 49 жаштагы Х. К. кармалган.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, Х. К. жабыркаган аялдын күйөөсү болгон, бир жыл мурун ажырашып кетишкен. Ал аялына 16 жолу бычак сайганын тастыктаган.

Кайгуул милициянын кызматкерлери шектүүнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM