Connect with us

Сокулук районунда контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампа аныкталды

Кыска кабар | 16 Июл 2022 | 380 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районундагы сатуу максатында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, натыйжада күмөндүү акциздик маркалар менен «Аю» ЖЧКсы жана «Ак Каз» ЖЧКсы өндүргөн 4 миң 174 бөтөлкө ликер-арак продукция тартып алынды.

Салык контролунун материалдары КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM