Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Борбор Азия президенттеринин келишине байланыштуу жолдор жабылат

Кыска кабар | 16 Июл 2022 | 449 | 0

20-21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чараны өткөрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик инспекциянын бардык өздүк курамы күчөтүлгөн режимде нөөмөттө болушат.

Ысык-Көл облусунда «Ысык-Көл» аэропорту жана Чолпон-Ата шаары каттамында делегациялардын өтүү учурунда жолго чектөөлөр киргизилип, жол жээгинде кароосуз калган унаалар эвакуацияланат.

Өткөрүлө турган иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу ЖКККББ Ысык-Көл облусунун жашоочуларын жана конокторду туура кабыл алып, айдоочуларды маданиятты жана айдоо эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM