Биз менен байланышыңыз

Бишкектин казысы имамдар менен жолугушуп, мечиттерди каттоого чакырды

Кыска кабар | 16 Июл 2022 | 319 | 0

Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов каттоодон өтө элек мечиттердин  имамдары менен жолугушуп,  бир катар  тапшырмаларды берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынын билдиришти.

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы  Маматов мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин жооптуу имамдары менен жолугушуп,  каттоо иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди.

Шаар казысы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө учурда жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын айтып, имамдарды жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM