Биз менен байланышыңыз

10 кыргызстандык Түштүк Кореяга дарыланууга жөнөтүлөт

Кыска кабар | 16 Июл 2022 | 335 | 0

Кыргызстандын оор дартка чалдыккан 10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кореянын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чарада Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Кемён университети Кыргызстанга Донгсан медициналык борборунун 7 дарыгерин жибергени белгилүү болду.

«Бул дарыгерлер тубаса жүрөк кемтиги, тубаса сол жак эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу патологиялык оорулары бар балдарды жана аялдарды текшеришти», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда билим берүү “Университеттердин ооруканаларына чоң маани берилет. Июнь айында өкмөт эки оорукананы ЖОЖдорго өткөрүп берди. Ош мамлекеттик университетине Ош шаардык ооруканасын, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Саламаттык сактоо министрлигинин балансындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Республикалык диагностикалык борбору берилди”, — деди министр.

Ошондой эле Корея Республикасынын адистеринин тажрыйбасын тартууга жана биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM