Биз менен байланышыңыз

Министр: Аз камсыз болгон 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Коом , Саясат | 15 Июл 2022 | 1949 | 0

Бүгүн, 15-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев аталган ведомствонун алты айлык ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Анда жарым жыл убакыт ичинде кандай иштер аткарылганы жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү кимдер үчүн көбөйтүлдү? Тизме

Министр Кудайберген Базарбаев социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу айтып берди.

Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү:

— майыптыгы бар балдарга – 4миң сомдон 8 миң сомго чейин;

— ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

— жетим балдар – 2 миңден 6 миң сомго чейин;

— топтогу тубаса майыптар үчүн – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;

— II топтогу тубаса майыптар үчүн – 3,3 миң сомдон 6,6 миң сомго чейин;

— III топтогу тубаса майыптар үчүн – 2,7 миң сомдон 5,4 миң сомго чейин;

— I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин;

— II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1,5 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

— III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

— пенсионерлер үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

— баатыр энелер үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин.

Жалпысынан социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 103 миң 9 жаранга көбөйтүлдү.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 1-июндан тартып «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун суммасы 810 сомдон 1 миң 200 сомго, ал эми майыптыгы бар балдарды караган жеке ассистенттерге төлөнгөн сумма 4,9 миң сомдон 6,3 миң сомго көбөйтүлдү.

Эми бирөөнүн кароосуна муктаж чоңдор дагы жеке ассистент ала алышат

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 1-июндан тартып жеке ассистент кызматын алуу үчүн жаш курагы боюнча чектөө алынды.

Базарбаевдин айтымында, эми жеке ассистент кызматын балдар эле эмес, бирөөнүн кароосуна жана көзөмөлүнө муктаж I топтогу майыптыгы бар чоңдор дагы ала алышат.

«Аларга ай сайын берилүүчү жардамдын өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго чейин жогорулатылды. Республика боюнча жеке ассистент кызматын 8 миң 493 адам аткарат», — деди министр.

Аз камсыз болгон 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Февраль айында Кадамжай районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча социалдык контракт ишке кирген.

Министрдин айтымында, долбоордун алкагында Кыргызстанда 2800 үй-бүлө чакан ишкердик баштоо үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртууга жардам берет.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 292 миллион сом бөлүнөт.

Алты айда балдар үчүн «ишеним телефонуна» 45 миңден ашык кайрылуу түшкөн

2022-жылдын 6 айында балдар үчүн «ишеним телефону» 111 кыска номерине 45 миң 29 кайрылуу түшкөн.

Министрдин айтымында, анын ичинен 1 миң 256сы максаттуу кайрылуу болгон, балдар тарабынан 304, чондор — 952.

«Ар бир кайрылуу боюнча адистер тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү иш-аракеттер көрүлгөн. «Ишеним телефону» боюнча шашылыш консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүүнү жогорку билими бар, ошондой эле ушул багыт боюнча атайын окуу курстарын аяктаган адистер жүзөгө ашырууда», — деди ал.

Өлкө боюнча 27 медициналык социалдык эксперттик комиссия иштейт

Анда жыл сайын 50 миңден ашык адам тейленет.

Медициналык социалдык эксперттик комиссияда анатомиялык кемчиликтери менен майыптык тобу дароо “мөөнөтсүз” белгиленет жана эл аралык стандарттарга жана нормаларга ылайык майыптыкты аныктоо каралып чыгат.

“Медициналык соациалдык эксперттик системасындагы жетекчилердин 70% жаңыланды”.

Жыл башынан бери Кыргызстандан 3 миңден ашык адам Түштүк Корея менен Улуу Британияга кеткен

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча 117 агенттик иштейт.

Жыл башынан бери 3 миңден ашуун кыргызстандык Түштүк Корея менен Улуу Британияга иштөө үчүн кеткен.

“Эгер 2021-жылы Кореяда 750 квота болсо, 2022-жылдын башынан бери алардын саны 1800гө жетти. Учурда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен биргеликте кыргызстандыктарды Финляндияда жумушка орноштуруу иштери жүрүп жатат”, — деди министр.

Япония Кыргызстандын жарандарын жумушка алат

Япония Кыргызстандын 300дөн ашык жаранын заводдорго жумушка алууга даяр.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Япониянын KOBE International Trade Promotion Association компаниясынын башкы директору Широ Сурумаки менен макулдашууга кол коюшту.

Келишимге ылайык, “техникалык стажерлер” программасынын алкагында Кыргызстандын жарандары Японияда окуп, андан кийин ишке орношо алышат.

Япониядан келген делегация жакын арада жумушка орноштуруу маселесин иш берүүчүлөр менен талкуулоону пландап жатышканы маалым болду.

Ооганстандан 1,5 миң этникалык кыргызды көчүрүп келүү пландалууда

2024-жылга чейин эки жыл аралыгында Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргыздарды (400 үй-бүлө) Ооганстандан алып келүү пландалууда.

Министрдин айтымында, бул багыттагы иштерге 244 миллион 530 миң сом сарптоо каралууда.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу маселесине өзгөчө көңүл бурат.

«2022-жылы этникалык кыргыздар үчүн үй курууга 77 миллион 220 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка Ош облусунун Кашка-Суу айылында (70 га) 30 турак жай курулат», — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM