Казакстандын Алматы шаарынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна аба каттамдары көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.
«Алматы-Тамчы-Алматы» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылып, аны SCAT авиакомпаниясы аткарууда.
Каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.
Буга чейин аталган авиакомпания Алматыдан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттамдарды дүйшөмбү жана жума күндөрү гана аткарып келген.