Биз менен байланышыңыз

Кайгуул кызматы: Чет элдик номурлуу автоунааларга жаңы токтом киргизилет

Коом , Саясат | 14 Июл 2022 | 1637 | 0

Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаардык кайгуул милиция кызматынын жетекчиси Алмаз Исаков башкармалыктын алты айлык ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Анда жарым жыл убакыт ичинде жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кандай иштер аткарылганы жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

       Бишкекте жол кырсыктары 3%га көбөйдү

Бишкекте жыл башынан бери 1 миң 340 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы ушул убакыттагы көрсөткүчтөн 3%га көп. Жол кайгуул башкармалыгынын башчысы Алмаз Исаковдун маалыматына караганда, жол кырсыгынан 1 миң 726 адам түрдүү жараат алган. 21 адам набыт болгон. Катталган жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү — жөө адамдарды коюп кеткен учурлар.

«Жол кырсыгынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 3 пайызга, жабыркагандар 5 пайызга көбөйүп, ал эми каза болгондордун саны 25 пайызга азайган. Жол кырсыгынын дээрлик 40 пайызы жөө адамдардын туура эмес жерден өткөнүнөн улам болгон. Жыл башынан бери борбордо жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн 723 учур катталган».

 Жыл башынан бери 170 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган

Бишкек шаарында быйыл 6 айда жалпысынан 170 миң 35 жол эрежесин бузуу боюнча протоколдор түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, 40 миңден ашуун коопсуздук курун тагынбагандарга, 11 миң 475 жөө же велосипед менен баратып, жолдо жүрүү эрежесин бузгандарга, 1 миң 574 мас абалында унаа айдагандарга, 22 миң 313 документи жок автоунаа айдагандарга жана башка эреже бузууларга протокол жазылып, айып салынган.

«Ушул аралыкта 12 миң 590 унаа айып короосуна токтотулган. Мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик бюджетке 76 млн 60 миң 95 сом өндүрүлдү».

Алты айда «102» кызматына дээрлик 31 миң чакыруу түшкөн

Башкармалык жол кыймылынын коопсуздугунан тышкары «102» кызматы боюнча да иш алып барат.

«Алты айда «102» кызматына 30 миң 867 чакыруу түшкөн. Анын ичинен 18 миң 416сы такталып, 12 миң 451и такталган эмес. Чакырууларды тейлөө учурунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 9 миң 361 жаран жеткирилген. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 516 коргоо ордери берилген, жашаган жери жок 506 адам «Коломтого» жеткирилген, тилемчилик кылган 147, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн 32 бала өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына жеткирилген».

Исаков белгилегендей, ушул аралыкта кылмышка шектүү 317 жаран изи сууй электе кармалган.

«Анын ичинде адам өлтүрүү – 3, адам уурдоо – 5, каракчылык – 5, тоноо – 14, уурдоо – 40, бейбаштык боюнча – 193 факты аныкталып, шектүүлөр тергөө бөлүмдөрүнө жеткирилген».

Ал башка кызматтар менен биргеликте 13 кылмыштын бети ачылганын кошумчалады.

250 кызматкерге тартиптик жаза берилген

Милициянын кайгуул кызматынын борбордук башкармалыгынын 250 инспектору тартип жазасын алышты.

«Иштебегендер же начар иштегендер бар экенин моюнга алабыз. Кызматкерлерге карата бардык даттануулар текшерилип жатат», — деди ал.

Анын айтымында, 19 милиционер интернетте жарыяланган арыздары үчүн тартиптик жаза алышкан.

Ал эми аталган кызмат түзүлгөн 2019-жылдан бери жалпысынан 106 кызматкер жумуштан кеткен.

«64 кызматкер өз каалоосу менен жумушун таштап кеткен, 3 кызматкер ден соолугуна байланыштуу, 9 кызматкер курагына байланыштуу пенсияга, 18 инспектор жумуштан бошотулуп, ички иштер органдарынан иштөөдөн четтетилген». 

Аталган кызмат 2019-жылы октябрь айында түзүлгөн. Инспекторлор үч мөөнөт менен иш алып барат.

Туристтер менен атайын милиция иш алып барууда

Быйыл Кыргызстанга туристтер жылдагыдан көп келип жатканы байкалууда. Аларга жардам берүү, туура жол, багыт көрсөтүү максатында атайын туристтик милиция иш алып барып жатат.

«Туристтик милициянын кызматкерлери чет тилдерин билет. Алсак, 40 кызматкер англис, 14 кызматкер түрк тилин, ошондой эле кытай, испан, француз тилинде сүйлөгөн кызматкерлерибиз бар. Ысык-Көлгө маал-маалы менен кызматкерлер жөнөтүлүп турат. Туристтик милиция тарабынан чет элдик жарандарга дайыма ар тараптуу жардам көрсөтүлүп келе жатат».

Исаковдун айтымында, туристтер тарабынан майда жол эрежелерин бузуу фактылары катталса, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Одоно бузуу фактылары катталганда гана протокол толтурулуп, катаал чаралар көрүлөт.

Мындан сырткары милициянын кайгуул кызматынан туристтик ротанын кызматкерлери автоунаа жүрбөгөн жерлерде, сейил бактарда, эс алуучу жайларда, мейманканаларда да кызмат өтөп, туристтер менен иш алып барышат.

Каттоого алынбаган жана чет элдик номурлар менен жол эрежесин бузган унаа айдоочуларына жаңы эреже киргизилет

Эгер чет элдик номурлуу унаанын каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, ал айып унаа токтотуучу жайга киргизилет.

Ал эми «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокамераларына түшүп калган жол эреже бузуулар архивге сакталып жатат.

«Азыркы тапта атайын бул боюнча токтом иштелип чыгууда. Эгер ал күчүнө чет элдик номурлуу автоунаа айдоочуларына архивде сакталган, буга чейинки бардык айыптары кагаз түрүндө протокол катары жазылып, айыптарды төлөөгө милдеттендирилет».

Copyright © 2017 Maral FM