Биз менен байланышыңыз

ККМ колдонгондор 2,5 эсе көбөйдү

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 284 | 0

2022-жылдын июнь айына карата 50 миң 307 көзөмөл-кассалык машина катталган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин катышуусунда өткөн жыйында билдирди.

Бирок ККМдин саны көбөйгөнүнө карабастан, Кыргызстандын экономикасы Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнөн дээрлик 4,5 эсе артта калууда.

Акылбек Жапаров жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлер бардык салыктарды төлөөдөн бошотулганын айтты.

«Ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканына карабастан, кассалык машиналарды киргизүүгө каршы болгондор бар. Мен бир нече жолу ишкерлер менен жолугуп, түшүндүрмө бердим. Жыйынтыгында бир пикирге келип, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан ишкерлер үчүн бирдиктүү салыкты 4 пайыздан 0,5 пайызга түшүрдүк. Биздин негизги максатыбыз, ден соолугубузга зыян келтирип, контрафакттык продукцияны, сапатсыз азык-түлүктөрдү жайылтууга жол берген аткезчиликти жоюу экенин кайталоодон тажабайм», — деди Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ал Жапаровго кайрылып, эгер ишкерлерге оорчулук туудурган жагдайлар болсо аны жеңилдетүү жактарын караштырууну айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM