Кыргызстанда 15-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоолуу райондордо, Ош облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус болот.