Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө макам алган ЖОЖдорго бир нече укук берилди

Блог | 14 Июл 2022 | 2328 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынында өлкөнүн 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам берүү маселеси каралган. Алар: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети. Бул билим берүү мекемелери кандай критерийлердин негизинде тандалды? Өзгөчө макам алган окуу жайларда кандай өзгөрүүлөр болот? Ушул өңдүү суроолорго Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунан жооп алдык.

— Аталган жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берүүнүн негизги максаты кандай?

— Айтылган жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүүнүн максаты: финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды катализациялоо. Мындан сырткары Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт. Жакшы шарттарды түзүп берүү пландалып жатат.

— Өзгөчө макамга ээ болгон беш окуу жай кандай критерийлердин негизинде тандалды?

— Кыргыз улуттук университети – тарыхы бай окуу жай. Өлкөнүн билим берүүсүнүн флагманы катары тандалды. Аты бар, эми мазмуну да ошого жараша болушу керек. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – бул техникалык багыттагы лидер окуу жай. Кыргыз улуттук агрардык университетине берүү зарыл. Себеби өлкөдө айыл чарбасы менен алектенген адамдар көп. Агрардык багыттагы мыкты кесип ээлерин даярдоо маанилүү. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өзүнүн орду бар. Ош мамлекеттик университети аймакта жайгашканы менен акыркы убактагы жараткан ийгиликтери кубандырды. Ал жакта алыскы аймактардан келгендер көп. Ушул сыяктуу окуу жайлардын өзгөчөлүктөрү мындай макам алуусуна себеп болду.

— Тандалган жогорку билим берүү мекемелерине кандай укуктар жана эркиндиктер берилет?

— Академиялык, финансылык жана административдик эркиндиктер берилет. Ички башкаруу түзүмүн, штаттык санын өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк болот. Ал жердеги административдик башкаруучу кызматкерлерди жана педагогикалык курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныкташат. Финансылык жактан да өз алдынча башкаруу укугуна ээ. Ректор өзү аныктабайт, ал жактагы көзөмөлдөөчү кеңештин макулдугу менен финансылык маселелерин чечишет. Ал эми академиялык эркиндик: кесиптик программалары боюнча өз алдынчалуулукка ээ болушат. Университет каалаган кесип ээлерин даярдап чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок мамлекеттик стандарттарга жооп бериши керек.

— Бул макамды алган окуу жайлар мамлекет тарабынан коюлган кайсы талаптарды аткарышы керек?

— Мамлекеттик билим берүү гранттарын алышат. Мамлекеттик буйрутмаларды аткарышат. Бул жерде бир формула иштеши керек. Эркиндик – бул жоопкерчилик. Алар 5 жылдык мөөнөткө университетти өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын иштеп чыгышат. Ошондой эле анын аткарылышын да камсыз кылышы керек. Дүйнөлүк эң алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктаганды камсыз кылуу зарыл. Өзгөчө макам берген окуу жайлардан ушуларды талап кылабыз. Бир гана билим эмес, илим, иннованциялардын борбору болушу керек.

— Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз! 

Өлкө боюнча 76 жогорку окуу жайы бар. Анда 200 миңден ашуун студент билим алат. Анын ичинен 70 миңдейи чет мамлекеттердин жараны.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM