Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылды

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 402 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде ондоп-түздөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу 13-июлда саат 14:00дөн тарта жол эки тараптуу убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жол кайра качан ачылары кабарлана элек

ӨКМ айдоочулардан оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.  Жолдун ачылышы тууралуу маалыматты «112» номерине чалып, тактаса болот.

5-июлда тоннелден өтүп бараткан «Лексус-470» унаасы өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп, өтүү убактылуу токтотулган.

Өрттөнгөн унаа чыгарылгандан кийин унаалардын өтүшү үчүн тоннель ачылган. Бирок электр зымын алмаштырууга байланыштуу унаалар үчүн жол маал-маалы менен жабылып турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM