Бишкектин Биринчи Май районунун аймагына шахмат аллея ачылат.
Аллеянын айланасы көрктөндүрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүлөт. Ошондой эле отургучтар жана таштанды челектер орнотулат.
Жакынкы убакта аллеянын жайгаша турган жери аныкталып, эс алуу жайдын эскизи даярдалат.
Шахмат аянтчасында балдар жана чоңдор үчүн шахмат турнирлерин, чеберчилик сабактарды өткөрүү пландалууда.