Биз менен байланышыңыз

Жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлөт

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 222 | 0

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук тартипти бекемдөө максатында Министрлер кабинетинин чечими менен айрым эреже бузуулар үчүн айып пул чектелди.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун маалыматына караганда, 2017-2021-жылдар аралыгында расмий түрдө 32 миң 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болуп, 49 миң 639 адам ар кандай жаракат алган.

Айдоочулардын күнөөсү боюнча 28 миң 142 жол кырсыгы катталып, бул жалпы көрсөткүчтүн 86,9% түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70%ы эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар. Айрыкча балдар арасында жаракат алгандардын саны жогору.

Балдардын катышуусундагы жол кырсыктардын жалпы саны 7541 учурду (23,1%) түзөт. Жөө жүргүнчүлөр жана жүргүнчүлөр жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт.

«Кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдык боюнча чектен ашканы, ашып өтүү, же каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүү эрежелерин бузганы үчүн, ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгон айрым эрежелерди бузганы үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин дифференциялоо жана күчөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM